Есть ответ 👍

Краткая биография чингиза айтматова на кыргызском завтра экзамен я как горошина (с кыргызским у меня плохо) : (

238
435
Посмотреть ответы 2

Ответы на вопрос:


ответ:

объяснение:

кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер чыңгыз айтматов талас облусуна караштуу кара-буура районундагы шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.

1946-жылы жамбыл шаарындагы зооветеринардык техникумду, 1953-жылы к.и.скрябин атындагы кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. москвадагы жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.

согуш жылдарында шекер айылында айылдык кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жж. кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жж. " киргизстан" журналынын редактору, 1960-1965-жж. "правда" гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жж. кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жж. "иностранная " журналынын башкы редактору, президентинин кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан кыргызстандын бельгия мамлекетиндеги элчиси) болгон.

айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси "гезитчи дзюйдо" деген ат менен 1952-жылы "киргизстан" альманахында орус тилинде жарыяланган.

" газета", "новый мир", " киргизстан" журналдарынын редколлегия мүчөсү болгон.

1956-жылдан тарта жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары кмш өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдер эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болгон.

алгачкы аңгемелери 1952-жылы орус тилинде "комсомолец киргизии" газетасына жана "киргизстан" альманахына жарыяланат. ал ошол кезде эле в. катаевдин "полктун уулу" повестин, м. бубеновдун "ак кайың" романын которот, бирок алар басылган эмес. андан кийин "ак жаан", "түнкү сугат", "асма көпүрө" аттуу кыргызча жазылган аңгемелери жарыяланат. анын чыгармачылык ишиндеги бурулуш 50-жылдардын ортосунда болот. бул жылдары "бетме-бет" (1958) жана "обон" ("жамийла", 1959) повесттери кыргызча жана орусча жарыкка чыгат. мүнөзүн, психологиясын ачууда "бетме-бет" повести кыргыз прозасына жаңылык катары кирди. "обон", "жамийла" повесттери кыргыз идеялык-эстетикалык проблематикасы жана ага шайма-шай келген көркөмдүк сапаты менен кыргыз совет адабиятындагы нукура жаңычыл чыгарма болуп, бат эле көп тилдерге которулду. "жамийла" өнүп-өсүп калган кыргыз прозасынын жаңы сапатка жетишип, өркүнү өскөн адабияттардын деңгээлине көтөрүлгөнүн дүйнөгө маалым кылды. ошондон бери айтматов жаңы чыгармаларында сейрек кездешүүчү талантынын улам жаңы кырларын ачып келе жатты.  

"кызыл жоолук жалжалым" ("тополёк мой в красной косынке", 1961), "бото көз булак" ("верблюжий глаз", 1961), "биринчи мугалим" (1962), "саманчынын жолу" (1963) деген повесттеринде жазуучунун нравалык, философиялык изденүүлөрү андан ары тереңдеп, чеберчилиги бийиктен бийикке көтөрүлгөн. аларды айрыкча "биринчи мугалим" повестинен ачык көрүүгө болот. повесть өткөндөгү окуяларды сүрөттөсө да, азыркы мезгил менен үндөш көйгөйдү козгойт. башкы каарман дүйшөн өктөмдүгү, өз идеалы үчүн курман болууга кайылдыгы менен адабияттагы левинсон, павел, корчагиндин образдарына барабар турат.  

анын "саманчынын жолу" повести улуу ата мекендик согуш жылдарындагы кыргыз элинин тылдагы кыйын, күжүрмөн, баатырдык эмгегин даана сүрөттөйт. чыгарманын баш каарманы толгонайдын элеси аркылуу жазуучу согуштун оор сыноолорун майышпай көтөргөн карапайым кыргыз аялынын типтүү образын түзгөн. бул трагедиялуу боектор менен жазылган зор оптимисттик күчкө ээ болгон толгонайдын образына күчтүү драмалык чыйралыш, терең психологизм, эпикалык кеңири масштабдуулук мүнөздүү. ал эми "жаныбарым, гүлсарым! " ("прощай, гульсары") повестинин жарык көрүшү көп улуттуу совет адабиятына зор идеялык-эстетикалык табылга катары кирип, кыргыз прозасы социалисттик реализм жолунда дагы алдыга илгерилегенин далилдеди. чыгарманын сюжетин кураган окуялар кыргыз айылынын турмушу менен чектелсе да, анда жалпы совет коомуна орток маселелер көтөрүлгөн. ак ниеттүүлүк менен кара санатайлыктын ортосундагы "түбөлүк" конфликт повестте жаңыча, партиялык принципте чечилген. танабай менен гүлсарынын образдары өтмө катары айкалышып, өзүнчө бир жалпыланган образды түзөт.  

подробнее - на -


ответ:

объяснение:

всегда увеличивается и никогда не уменьшается это время ( годы жизни) ты растёшь, но никак не можешь стать младше

Реши свою проблему, спроси otvet5GPT

  • Быстро
    Мгновенный ответ на твой вопрос
  • Точно
    Бот обладает знаниями во всех сферах
  • Бесплатно
    Задай вопрос и получи ответ бесплатно

Популярно: Другие предметы

Caktus Image

Есть вопросы?

  • Как otvet5GPT работает?

    otvet5GPT использует большую языковую модель вместе с базой данных GPT для обеспечения высококачественных образовательных результатов. otvet5GPT действует как доступный академический ресурс вне класса.
  • Сколько это стоит?

    Проект находиться на стадии тестирования и все услуги бесплатны.
  • Могу ли я использовать otvet5GPT в школе?

    Конечно! Нейросеть может помочь вам делать конспекты лекций, придумывать идеи в классе и многое другое!
  • В чем отличия от ChatGPT?

    otvet5GPT черпает академические источники из собственной базы данных и предназначен специально для студентов. otvet5GPT также адаптируется к вашему стилю письма, предоставляя ряд образовательных инструментов, предназначенных для улучшения обучения.

Подпишись на наш телеграмм канал

GTP TOP NEWS